Баткенде майыптыгы бар балдар үчүн шарттар жакшыртылат

Аймак 12 Февраль 2026 17:17
631415826_1444940786999372_3890622611664047405_n.jpg
629941092_1444940833666034_6861935410533521221_n.jpg
630771763_1444940886999362_3686791280924844235_n.jpg
631439676_1444940913666026_1057751379131707171_n.jpg
631802829_1444940843666033_3989576740846037798_n.jpg
631975787_1444940796999371_3896590667758880215_n.jpg
632993281_1444940866999364_5352392213841799175_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы майыптуулугу бар балдарды калыптандыруу жана бул багытта адистердин жетишсиздики сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Тагыраагы, балдар невропатологу, дене тарбия жана адаптациялык дене тарбия, сенсордук интеграция, АВА-терапия боюнча, логопед-дефектолог, психолог, физиотерапевт адистерин даярдоо учур талабы экенин белгиледи.

Тараптар оорулуу балдардын өсүп өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртуу максатында пилоттук негизде эки айыл өкмөттө майыптыгы бар балдарды калыптандыруу боюнча ата-энелерди окутуу, иштеп жаткан калыптандыруу борборлорунда тажрыйба топтоосун уюштурууну талкуулашты.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда майыптуулугу бар 3150 бала катталган. Бул жаатта 3 күндүзгү реабилитациялык борбор жана 2 мамлекеттик атайын көмөкчү мектеп-интернат иш алып барат. Баткен районунда калыптандыруу борбордун жоктугу олуттуу көйгөй жаратып келет, анткени бул райондо 500дөн ашык ДМЧ бала жашайт.