Жарык үзгүлтүккө учурабайт: Баткен электр тармактары кышка даярданууда

Аймак 17 сентябрь 2026 16:00
813966721_1054801230733153_7599075504125103412_n.jpg
814368391_1054801207399822_3041843545585788064_n.jpg
814428273_1054801227399820_8502293681446572109_n.jpg
813939963_1054801200733156_4806141901118391243_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен электр тармактар ишканасы

Бишкек,17.09.26. /Кабар/. Баткенде күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында бир топ жумуштар аткарылууда.

Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, акыркы 8 айда көмөк чордондор, аба чубалгылар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары 252 даана көмөк чордонго пландалган болсо, бүгүнкү күндө иштер 250сүндө толугу менен жасалды.

Ал эми 379 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү пландалган болсо, бүгүнкү күндө аталган пландык жумуштар толугу менен аткарылды.