Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2026-2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда казан жана турбиналык жабдууларда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп, станциянын негизги өндүрүштүк системалары текшерилип, калыбына келтирилүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер бекитилген даярдык планына ылайык аткарылып, алдыдагы жылытуу мезгилинде ЖЭБдин ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.