Кышка даярдык: Баткенде көмүр сатуучу 68 түйүн уюштурулат

Аймак 125 12 Август 2026 17:10
2909831.204e0b6c695aa43c4426cd67cf06e6cd.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер күчөтүлүүдө. Бул үчүн облустук штаб түзүлүп, иш-чаралар планы бекитилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облуста калкты көмүр менен камсыздоо, көмүр базаларын ачуу жана анын баасын көзөмөлдөө, ошондой эле мекеме-ишканаларды электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Белгиленгендей, облустагы 431 билим берүү мекемесине 17 миң 405 тонна көмүр керектелет. Учурда сатып алуу боюнча келишимдер түзүлүүдө.

Саламаттык сактоо тармагындагы 257 мекемеге 3 миң 38,4 тонна көмүр талап кылынат. Көмүр сатып алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлгөн. Учурда 80 тонна көмүр жеткирилди.

Ал эми облус калкын камсыз кылуу үчүн 101 миң тонна көмүр талап кылынат. Район жана шаарларда 68 көмүр сатуучу түйүн уюштурулуп, анын 21и муниципалдык түйүн болуп саналат.