Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тосуу иштери жанданды

Аймак 02 Март 2026 15:29
646029034_1459963828830401_41545797095643064_n.jpg
645712178_1459964105497040_2295367768620726864_n.jpg
645724669_1459963062163811_2889985170220489989_n.jpg
645724671_1459963925497058_585097195421255356_n.jpg
645726849_1459964065497044_6275523933434357893_n.jpg
645761055_1459964162163701_7650350441914605992_n.jpg
645767527_1459964225497028_5895479338904041391_n.jpg
645767575_1459964015497049_6212408999479661198_n.jpg
645796176_1459963968830387_6563377128403073195_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик иштер кайра жанданды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн Баткен районунун Ууч жергесинде чек араны тосуу иштери башталды.

Курулуш иштерин жүргүзүүгө Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары катышууда.

Курулушка керектүү жабдуулар жана техникалар толук даяр.

Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган.

Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат.

Мындан сырткары, Ош облусунда 70 чакырым пландалган. 2025-2026-жылдары жалпы 420 чакырым кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо мерчемделген.