Баткенде курулуш эрежесин бузган компания 200 миң сом төлөйт

Аймак 03 Февраль 2026 11:00
11.jpg
22.jpg
33.jpg
44.jpg
55.jpg
Алдыга
Артка
11.jpg
22.jpg
33.jpg
44.jpg
55.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.01.26. /Кабар/. Баткенде техникалык коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндө курулуп жаткан 7 кабаттуу турак үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Золотой Квадрат" ЖЧКга карата Укук бузуулар кодексинин негизинде акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.