Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда курулуп жаткан Калкты тейлөө борборундагы бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, сыноо бетон конструкцияларынын бүтүндүгүн бузбастан, алардын сапатын жана бекемдигин аныктоого мүмкүндүк берген ыкма аркылуу өткөрүлдү.
Натыйжада курулуш материалдарынын сапаты курулуш ченемдерине жана долбоордук талаптарга шайкештиги бааланат.
“Мындай текшерүүлөр курулуш көзөмөлүнүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Алар объектилердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылууга жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган”, -деп айтылат маалыматта.