Баткенде ири күн электр станциясы курулат: Кытайдан инвесторлор келди

Аймак 17 Март 2026 16:12
651758894_1471202184373232_8971426679156022022_n.jpg
651243422_1471202114373239_6005362299158253227_n.jpg
651142195_1471202104373240_3436358592719320131_n.jpg
651168839_1471202191039898_2105806393384206850_n.jpg
652547547_1471202154373235_2402697223853239878_n.jpg
653090105_1471201754373275_157388516768184272_n.jpg
654773147_1471202144373236_7245428501823901225_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Баткен облусунда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү максатында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов менен Кытайдын эң ири мамлекеттик энергетикалык корпорацияларынын бири – China Huaneng Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, инвесторлор долбоорду Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагында ишке ашырууга кызыкдар жана күн, шамал жана суудан электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашууда.

Белгиленгендей, курулуш учурунда 500-700, ал эми ишке киргенден кийин 60-80 туруктуу жумуш орду түзүлөт.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов билдиргендей, облус аймагында "жашыл" энергетика үчүн 4 552 гектар жер трансформацияланып, тиешелүү фондго өткөрүлүп берилген. Ал Баткен облусун күн нуруна бай аймак экени жана бул долбоор өлкөнүн түштүк аймагынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө чоң салым кошорун белгиледи.

China Huaneng Group Co., Ltd. – Кытайдын эң ири мамлекеттик энергетикалык корпорацияларынын бири жана өлкөнүн "беш чоң" мамлекеттик энергетика компанияларынын катарына кирет.