Баткенде ири көмүр кени ачылды

Аймак 25 Декабрь 2025 17:42
605247330_1406906184136166_4349329073836082825_n.jpg
605577631_1406906250802826_788699368615217396_n.jpg
605148423_1406906190802832_5094759449995592050_n.jpg
605441644_1406906157469502_867007891115686879_n.jpg
Алдыга
Артка
605247330_1406906184136166_4349329073836082825_n.jpg
605577631_1406906250802826_788699368615217396_n.jpg
605148423_1406906190802832_5094759449995592050_n.jpg
605441644_1406906157469502_867007891115686879_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “Сүлүктү” 11-талаа көмүр кени ачылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кен ишканасы «Кыргызкөмүр» ААК менен «Хунга Лифенг» өнөр жай соода компаниясынын ортосунда келишимдин негизинде ачылды.

Көмүр кенин иштетүүгө тараптар 65 млн доллар инвестиция салган.

Кендин жалпы аянты 863,1 га, анын ичинен 21,5 га Сүлүктү шаарынын административдик аймагына ал эми 841,6 га Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына таандык. Баланстык запасы 82,7 млн тоннаны түзөт.

Долбоордун ишке ашуусу менен 400дөн ашык жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.

Техникалык долбоорго ылайык, жылына 900 миң тонна көмүр казып алуу пландалып, көмүр тармагын өнүктүрүү, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

«Хунго Лифенг» компаниясы социалдык пакеттин алкагында, 2025-жылдын 7-октябрында Сүлүктү шаарында 250 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салып, курулуш иштери башталды.