Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Аймак 22 Апрель 2026 12:45
673981788_1499571581536292_7551246616777337033_n.jpg
674295537_1499571491536301_6389783820868702604_n.jpg
673822877_1499571518202965_5654098223586505801_n.jpg
675377915_1499571488202968_2372849322625834660_n.jpg
675613561_1499571651536285_7843215646846433964_n.jpg
676532811_1499571548202962_2997440999766593616_n.jpg
676816591_1499571684869615_5137598593227990551_n.jpg
676959914_1499571701536280_5364669551954413271_n.jpg
677674257_1499571524869631_6422230060029354885_n.jpg
678096562_1499571624869621_908789763665011472_n.jpg
678601811_1499571678202949_3179511095347879888_n.jpg
678853450_1499571594869624_6532924878156315902_n.jpg
679077682_1499571641536286_4766680783602169291_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Баткенде мындан 40 жыл мурда Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобыль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чернобыль кырсыгынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

"Бул апааттын кесепетинен, дүйнөдөн көзү өтүп кеткен мекендештерибиздин элеси эч качан унутулбайт", - деди облус башчысы.

1986-жылы 26-апрелде болгон бул окуянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан 146 адам барган болсо, азыр алардын 83ү арабызда.