Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Аймак 1779 24 Апрель 2025 11:53
492310060_1217483769745076_8443886788901572244_n.jpg
492407810_1217484029745050_6808524641184372215_n.jpg
492521311_1217483846411735_4967095076136925090_n.jpg
492522233_1217483779745075_4110880903066433952_n.jpg
492528399_1217483909745062_8750848217211615579_n.jpg
492549350_1217484099745043_6352329651030315057_n.jpg
492568779_1217483969745056_4011298423916627110_n.jpg
493037391_1217483986411721_2450699186166983434_n.jpg
493049856_1217484149745038_159916075383815589_n.jpg
493288710_1217483863078400_8095155424106959440_n.jpg
493292537_1217483776411742_4088000525344078382_n.jpg
493313352_1217484109745042_7940493812909544171_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында Чернобыль окуясынын 39 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүп, каза болгондорго куран окулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобыль окуясынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Авариянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан жалпысынан 146 жаран катышып, бүгүнкү күндө облустун аймагында Чернобыль апаатынын 85 катышуучусу жашап жатат.

Эскерүүгө катышкан жетекчилер Чернобыль АЭСиндеги трагедиялуу окуя боюнча сөз сүйлөп, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, арабыздагы катышуучулары ар тараптан колдоого алынаарын белгилешти.

Соңунда Чернобыль апаатында курман болгондорго багышталып куран окулду.

Ошондой эле Чернобыль атомдук станциясында авариядагы жарылуунун кесепетин жоюудагы эрдиктери үчүн бир катар катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.