Баткенде чек арадан мыйзамсыз мал алып өткөн жарандар кармалды

Укук тартиби 21 февраль 2025 15:40
maxresdefault (1).jpg
News_16025495129602342359611711270347894267.jpg
Алдыга
Артка
maxresdefault (1).jpg
News_16025495129602342359611711270347894267.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Баткенде чек арадагы турак үйү аркылуу мыйзамсыз мал өткөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти

Маалыматка ылайык, бүгүн чек арачылар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылынын эки тургуну ийри мүйүздүү малды Тажикстандын аймагына өткөрүп жаткан жеринен кармашты.

Текшерүү жана тактоо учурунда үйдүн ээси шериги менен 2 баш бодо малды кошуна мамлекетке өткөрүүгө жетишкен, дагы 7 баш малды өткөрүүгө аракет кылып жаткан.

Учурда бул факты боюнча мыйзам чегинде териштирүү иштери жүрүүдө.