Баткенде чек арачыларга ооз ачар уюштурулду

1521 23 Март 2025 11:33
1ee0d00e-f288-41c9-90bd-009860c69b38.jpg
63c2a441-2732-4db3-a6a7-d74932d218da.jpg
89d04fb2-69f6-4050-9b9c-45ccfe71e66e.jpg
b0362e3b-bfde-4b16-a61f-5a9cf70d2ab9.jpg
c6fa0330-37f8-43bf-8c54-72feddad8984.jpg
Алдыга
Артка
1ee0d00e-f288-41c9-90bd-009860c69b38.jpg
63c2a441-2732-4db3-a6a7-d74932d218da.jpg
89d04fb2-69f6-4050-9b9c-45ccfe71e66e.jpg
b0362e3b-bfde-4b16-a61f-5a9cf70d2ab9.jpg
c6fa0330-37f8-43bf-8c54-72feddad8984.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

Бишкек, 23.03.25. /Кабар/. Баткен шаарындагы №2022 жана №2053 чек ара аскер бөлүктөрүндө ооз ачар уюштурулду.

Ооз ачар КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, иш-чарада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үй-бүлө жана мекенди сүйүү, аны көздүн карегиндей сактоо, ар бир жаран мындан ары да мамлекеттин тынчтыгын, коопсуздугун бекемдөөгө милдеттүү экендигине токтолуп, Орозо айында баарына ынтымак, тынчктыкты каалап өттү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен районунун акими, Баткен шаарынын мэри, Аалымдар кеңешинин төрагасы, муфтияттын кызматкерлери жана чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлер катышышты.