Кыргызстандык аскер кызматкерлери Анкарада эл аралык машыгууга катышты

Коом Загрузка... 07 Июль 2025 10:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында 23-июндан 3-июлга чейин Түштүк батыш оперативдик командачылыгынын чалгындоо бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери эл аралык "Анатолия-2025" атайын багыттагы күчтөрдүн машыгуусуна катышты.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бул көп улуттуу машыгууга катышуунун максаты өз ара байланышты өнүктүрүү, биргелешкен операцияларды жүргүзүү жөндөмүн жогорулатуу жана өнөктөш мамлекеттер менен аскердик кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

"Биздин аскерлер реалдуу жагдайдагы сценарийлер жана биргелешкен интенсивдүү машыгуулар аркылуу кризистик кырдаалдарга жооп кайтаруу, тынчтыкты сактоо операциялары жана заманбап атайын багыттагы күчтөрдүн ыкмалары боюнча тажрыйба алышты", - деп айтылат маалыматта.