Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Коргоо министри Руслан Мукамбетов өлкөнүн түштүк аймактарына иш сапар менен барып, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууда.
Ведомстводон билдиришкендей, анда аскер кызматчыларынан түзүлгөн жумушчу комиссия менен биргеликте Жалал-Абад гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнө жана аскер комиссариаттарына барды.
Жеринде аскер кызматчылары жана кызматчылар менен жолугушуулар өткөрүлүп, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгынын деңгээлине, кызмат өтөөнү уюштурууга, аскердик тартиптин абалына, аскер кызматчыларынын жашоо-шарттарына, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык камсыздалышына өзгөчө көңүл бурулууда.
Иш сапардын жүрүшүндө жер-жерлердеги иштин абалы менен таанышып, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин жана жетекчилеринин баяндамаларын укту. Ошондой эле өзгөчө көңүл бурууну жана ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерге тиешелүү тапшырмаларды берди.
Коргоо министринин өлкөнүн түштүк аймактарындагы иш сапары уланууда.