Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бүгүн коргоо министри Руслан Мукамбетов 73809 аскер бөлүгүнө барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын максаты аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгынын учурдагы абалы жана кызмат өтөө шарттары менен таанышуу болду.
Сапардын жүрүшүндө министр Мукамбетов аскер бөлүгүнүн өздүк курамы менен жолугушуу өткөрдү.
Ал заманбап геосаясий кырдаал шартында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгынын жогорку деңгээлин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Министр аскер кызматкерлери үчүн татыктуу кызмат шарттарын түзүү Коргоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда өздүк курамга аскердик милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдирди.