Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Кадамжай районунда чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйнап жаткан үч жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы 16 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан сырткары, рейддик иш-чарынын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жаран да аныкталып, ага Укук бузуулар кодексинин алкагында айып салынган.
Министрлик чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйноо жаратылыш
экосистемаларына зыян келтирерин, мыйзам бузгандар
жоопкерчиликке тартыларын эскертет.