Баткенде бетон продукцияларынын сапаты текшерилди

Аймак 24 Август 2026 14:55
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан оор бетондон бетон аралашмаларын өндүрүүчү заводдо сертификаттоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Текшерүүнүн алкагында адистер өндүрүштүк технологиялык процессти карап чыгып, чыгарылып жаткан продукциянын белгиленген техникалык талаптарга жана ченемдик документтерге шайкештигин баалады.

Ошондой эле лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн бетон кубиктеринин үлгүлөрү алынды. Сыноонун жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги аныкталат.

Сертификаттоо иштери курулуш материалдарынын сапатын камсыз кылууга жана аларды өндүрүүдө белгиленген талаптардын сакталышына багытталган.