Баткенде жаштар менен аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө

Аймак 20 Май 2026 14:50
1.jpg
704979752_1522582015901915_5927478262794182252_n.jpg
700987345_1522582105901906_2705351521053514462_n.jpg
701019405_1522582079235242_2691677723555774492_n.jpg
701881402_1522582132568570_1687704959897467876_n.jpg
703676015_1522582145901902_4044076702776956650_n.jpg
703811876_1522582022568581_726006669075832459_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Баткен облусу менен БУУӨПтүн ортосундагы стратегиялык кызматташтык, жаштарды жана аялдарды колдоо, климаттык туруктуулук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы долбоорлор талкууланды.

Мамыржан Рахимов БУУӨПтүн социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүүгө, облустук ооруканага колдоо көрсөтүүгө жана климаттык туруктуулукту бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалап, Баткен облусу мындан ары да бардык долбоорлор боюнча кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Патрик Хаверман Баткен облусу менен буга чейинки биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеп, мындан ары да жакын өнөктөш катары кызматташуу активдүү уланарына ишенимин билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн облуста БУУӨПтүн колдоосу менен Жаштар жана Аялдарды колдоо жана өнүктүрүү борборлору ачылды.