Баткенде автомектептердеги коррупциялык схема аныкталды

Аймак Загрузка... 11 Февраль 2026 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Баткен облусундагы автомектептерге курсанттарды мыйзамсыз кабыл алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, бир катар автомектептердин жетекчилери уюшкан коррупциялык схема аркылуу жарандарды Кыргызстанда болбогонуна карабастан, жасалма түрдө окууга катташкан. Мыйзамсыз киреше табуу максатында аралыктан каттоо жүргүзүлүп, теориялык жана практикалык сабактар өтүлбөстөн, окууну ийгиликтүү аяктаганы тууралуу жасалма документтер таризделген.

Натыйжада, жол эрежесин билбегендер жасалма сертификат жана коррупциялашкан кызмат адамдарынын жардамы менен экзамендерден оңой өтүп, айдоочулук күбөлүк алуу механизми түзүлгөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, чет өлкөдө жүргөндө жеке менчик автомектептерге окуучулардын системалуу түрдө кабыл алынгандыгын тастыктаган кошумча материалдар алынган.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо, жоопкерчиликке тартуу жана кылмыш жолу менен алынган айдоочулук күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.