Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Күн мурун президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилигинде аткезчиликке бөгөт коюу боюнча жыйын өттү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери жана район-шаар башчылары катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө жалпы Баткен облусунун элинин этке болгон керектөөсү жылына 22 миң тоннаны түзөрүн белгиледи. Бирок, мал аткезчилигинен улам эттин баасы өсүп жатканын белгилеген облус башчысы тийиштүү мекемелердин ишин сынга алды.
Мындан улам аткезчилик фактыларын азайтуу боюнча конкреттүү сунуштар ортого салынды. Алар;
- Баткен облусуна малды ишенимдүү топтор аркылуу гана ташып, эт сатуучуларды камсыздоо сунушталды;
- 1-марттан баштап чек араны демаркациялоодо, аткезчилик коркунучу жогору аймактарды тосуу тездетилет;
- Жер-жерлерде социалдык дүкөндөрдү ачып, негизги азык-түлүктөрдү арзан баада сатуу уюштурулат;
- "Агрохолдинг" ААКтын ишин жөнгө салуу менен кошуна мамлекеттерге малды мыйзамдуу жол менен экспорттоо;
- Облуска кирген малдарга атайын белги берүүчү навигациялык пломбаларды (GPS) орнотуу;
- Аймакка даяр эт ташып келүүнү уюштуруу.
Облус башчысы аткезчиликти токтотуу, постторду көзөмөлдөө, чек арада иштөө, мал базарларды иретке келтирүү жана эттин баасын 700 сомдон ашырбоо тапшырмаларын берди.