Баткенде ата-энеси жок 60 балага акчалай жардам берилди

Аймак 16 Март 2026 15:16
1.jpg
649588091_1470390194454431_7936595899922531342_n.jpg
651183147_1470390317787752_1211908129615728298_n.jpg
651183561_1470390284454422_5571125948850931902_n.jpg
651213219_1470390237787760_7117432720678903372_n.jpg
651313418_1470390221121095_2705275350667169230_n.jpg
654228872_1470390214454429_789354273068265771_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Баткенде ата-энесинен ажыраган 60 балага акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Орозо айынын урматына "Баткен-Ыйман-Нуру" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ар бир балага 10 миң сомдон берилди.

"Ата-энесинен ажыраган балдарды камкордукка алуу жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү – биздин жалпы милдетибиз. Мындай соопчулук иштери үчүн фонддун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз", – деди президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков.