Бишкек, 12.08.26 /Кабар/. Бүгүн, 12-августта Баткен шаарында саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясын берүү убактылуу токтотулду. Буга байланыштуу суу берүү сааттык график менен жүргүзүлгөн аймактарда ичүүчү суу да убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Электр энергиясынын өчүрүлүшү 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо иштерине байланыштуу.
Ал эми суу күнү-түнү үзгүлтүксүз берилген аймактарда ичүүчү суу токтотулбайт жана кадимки режимде берилет.