Баткенде "Айгүл гүлү-2026" фестивалы жыйынтыкталды – жеңүүчүлөр

Аймак 23 Апрель 2026 11:35
whatsapp_image_2024-04-15_at_13_41_46_2.730x0.jpeg
675883641_1258394369785650_4592746358204591826_n.jpg
675900606_1258394436452310_7754007876327445129_n.jpg
677119336_1258394669785620_1100713293774606441_n.jpg
677777589_1258394396452314_6736187696101865340_n.jpg
678280661_1258394649785622_8820563183257700158_n.jpg
678282124_1258394269785660_3061590803268885065_n.jpg
678302969_1258394523118968_3642309297056703058_n.jpg
678372169_1258394559785631_606337987180028280_n.jpg
678383434_1258394616452292_1715094211065651991_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. 21-апрелде Баткен районунда "Айгүл гүлү-2026" фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана гүлдөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, калыстар тобунун чечими менен мыкты катышуучулар аныкталды. Аларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Улуттук кол өнөрчүлүк боюнча:

1-орун: Айзада Кошонова, Алибай Момунов – 15 000 сомдон;
2-орун: Феруза Сатибаева – 20 000 сом;
3-орун: Гүлайым Амиралиева – 10 000 сом.

Улуттук тамак-аш көргөзмөсү боюнча:

1-орун: Гүлназа Жусубалиева – 30 000 сом
2-орун: Гүлкайыр Курсаналиева – 20 000 сом
3-орун: Айпара Ибрагимова – 10 000 сом

Жандуу гүлдөр көргөзмөсү боюнча:

1-орун: Рахат Жураева – 30 000 сом;
2-орун: Айсулуу Жумабаева – 20 000 сом;
3-орун: Нурзада Турдумамат кызы – 10 000 сом.

Калган катышуучулар да 4000 сомдон кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Фестивалдын алкагында Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Баткен жана Исфара райондорунун кол өнөрчүлөрүнүн катышуусунда "Диалог" аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Буга МЕРСИКО эл аралык уюму колдоо көрсөттү.