Баткенде социалдык-экономикалык 8 долбоор ишке ашат

Аймак 21 август 2026 17:10
Баткенде социалдык-экономикалык 8 долбоор ишке ашат

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Баткен облустук өнүктүрүү фондунун кезектеги жыйынында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган 16 долбоор каралды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө долбоорлордун максаттары, күтүлгөн натыйжалары жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, белгиленген талаптарга жооп берген 8 долбоор колдоого алынды.

"Аталган долбоорлор аймактарды өнүктүрүүгө, калктын жашоо шартын жакшыртууга, ишкердикти колдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган", - деди ал.

Жыйында долбоорлорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашыруу боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилди.