Баткенде токойлорго жаңы ыкма менен бадам эгилүүдө

Аймак 05 Март 2026 13:50
647767293_1462073365286114_8330635946050183342_n.jpg
647315730_1462073661952751_8713019498467142769_n.jpg
647662730_1462073528619431_4543398460455702230_n.jpg
647688772_1462073218619462_3943589982441482790_n (1).jpg
647688772_1462073218619462_3943589982441482790_n.jpg
647698610_1462073325286118_4797345132319579725_n.jpg
647914890_1462073481952769_8668944322375826383_n.jpg
648124097_1462073615286089_1634968664946503499_n.jpg
648128420_1462073418619442_6057380424820882647_n.jpg
648147613_1462073248619459_1408858868655031240_n.jpg
648224826_1462073598619424_8899226903046447574_n.jpg
648253143_1462073491952768_5544087685559446426_n.jpg
648278692_1462073235286127_1096515597406481582_n (1).jpg
648278692_1462073235286127_1096515597406481582_n.jpg
648403761_1462073345286116_507130296222190639_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Баткен облусунда деградация болуп бара жаткан жерлерди кайрадан токойго айлантуу үчүн дүйнөлүк тажрыйбада колдонулган жаңы ыкма ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Адистер бадамдын үрөнүн топурак жана биогумус менен аралаштырып, кичинекей тоголокторду жасашат. Бул ыкма эл аралык тилде "seed balls" деп аталат. Баткендин климаты кургак болгондуктан, жөн эле себилген үрөн өнбөй калышы же аны канаттуулар жеп кетиши мүмкүн.

Ал эми топурактан жасалган "коргоочу кабыгы" бар тоголоктор төмөнкү функцияларды аткарат:

  • үрөндү күндөн жана канаттуулардан коргойт;
  • жамгыр жааганда керектүү нымдуулукту жана азыкты ичинде сактайт;
  • татаал, техника бара албаган тоолуу жерлерде бат өнүп чыгууга шарт түзөт.

Учурда бул иш-чара Баткен районунун Сортташ тилкесинде жана Кадамжай районунун Үч-Коргон токой чарбасында жүрүп жатат. Жалпысынан 8 гектар жерге бадам эгилүүдө.

Бул демилге президент Садыр Жапаровдун тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программасынын алкагында ишке ашырылып, эл аралык БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан колдоого алынууда.

Негизги максат — Баткендин табиятын сактап калуу жана келечекте чоң бадам токойлорун пайда кылуу.