Баткенде 265 млн сомдук заманбап мектеп курулууда

Аймак 28 Июль 2026 10:00
756779539_1548346013431109_1119507920318632183_n.jpg
756745440_1548345976764446_3151193075772284102_n.jpg
756661823_1548346030097774_8157863621975870113_n.jpg
756347826_1548345956764448_4445329526575830338_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Кыя айылында заманбап жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган. Долбоордун жалпы наркы 265 миллион сомду түзөт.

Мектеп 375 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залын жана бардык шарттары каралган спорт залын камтыйт.

Имараттын жалпы аянты 3377 чарчы метрди түзөт. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөт менен 750 окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.