Баткенде 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоодо

Аймак Загрузка... 28 Апрель 2026 15:55
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Баткен шаарынын Аэропорт участкасында курулуп жаткан жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү имараты бир нөөмөттө 225 окуучуга ылайыкталган.

Мектепте заманбап талаптарга жооп берген бардык шарттар каралган. Анын ичинде окуу класстарынан тышкары китепкана, актовый зал, эмгек кабинети, компьютердик класс, ашкана жана лифт бар. Ошондой эле волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары курулган. Учурда курулуш иштеринин 90 пайызы аяктады.

Курулуш иштери министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдердин алкагында каржыланып, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы баасы 181 млн сомду түзөт.

Бүгүн президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов жаңы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып, курулушту сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.