Баткенде 133 жаран ишкердикти өнүктүрүү үчүн грант алат

Аймак 29 Апрель 2026 12:40
682493841_1505379697622147_6695428368843590799_n.jpg
681364808_1505379884288795_2690640137194017043_n.jpg
682609469_1505379704288813_2889378415421726284_n.jpg
682707370_1505379724288811_2387754457700053233_n.jpg
683459172_1505379844288799_6390605223590995608_n.jpg
683634084_1505379834288800_4354402348616151560_n.jpg
684216894_1505379810955469_245720347413856009_n.jpg
684259245_1505378587622258_6884555186012004346_n.jpg
684269766_1505379770955473_5932724222683267318_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Баткен облусунда 133 жаран ишкердикти өнүктүрүү үчүн грант алат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайтарымсыз жардам министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык берилүүдө.

Чакан жана орто бизнести колдоого багытталган кичи гранттар программасы АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда.

Бүгүн аталган долбоордун алкагында сынактан ийгиликтүү өткөн жарандар менен АРИС уюмунун ортосунда гранттык макулдашууларга кол коюлду.

Аталган программа Баткен облусунда ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана жергиликтүү калктын экономикалык абалын чыңдоого багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат.