Баткен жана Согди облустары кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Аймак 29 Декабрь 2025 16:29
FB_IMG_1767004085752.jpg
FB_IMG_1767004088337.jpg
FB_IMG_1767004090804.jpg
FB_IMG_1767004093183.jpg
FB_IMG_1767004095323.jpg
FB_IMG_1767004097383.jpg
FB_IMG_1767004099810.jpg
FB_IMG_1767004105119.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767004085752.jpg
FB_IMG_1767004088337.jpg
FB_IMG_1767004090804.jpg
FB_IMG_1767004093183.jpg
FB_IMG_1767004095323.jpg
FB_IMG_1767004097383.jpg
FB_IMG_1767004099810.jpg
FB_IMG_1767004105119.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселелер чечилгенден кийинки эки облустун келечек мамилелерин талкуулаган алгачкы жыйын болду.

Облус башчылары алгач буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Имомали Рахмондун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшу, эки облустун мындан ары алакасын өнүктүрүүгө жол ачканын белгилешти.

Жолугушууда кошуна жашаган Баткен жана Согди облустарынын элдеринин ынтымагын чыңдоо, карым-катнашын өнүктүрүү, чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Тараптар чек араны делимитациялоонун алкагында жер алмашуу, тургундарды көчүрүү жана объекттерди инвентаризациялоо иштери өз ара түшүнүшүү менен ийгиликтүү аяктаганын белгилешти.

Ошондой эле алдыда чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө, чек ара сызыгын, короо жай, бак дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча иштер улантыларын айтышты.