"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 09:32
PHOTO-2026-02-15-21-12-26.jpg (3).jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. "Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында аталган редакциянын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткенин аныктады.

Такталгандай, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан "Баткен таңы" редакциясынын имараты 0,22 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз сатылып кеткен.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында объект мамлекеттик баланска өткөрүлгөн.