Баткен шаарында эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 23 сентябрь 2026 17:50
818384649_1816837232824154_6264766278651144944_n.jpg
818384723_1816836832824194_5578558767593382473_n.jpg
818384763_1816836462824231_4257698583061265454_n (1).jpg
818384763_1816836462824231_4257698583061265454_n.jpg
818384832_1816836469490897_6919806111874345811_n.jpg
818384837_1816836862824191_7721818832528551137_n.jpg
818560226_1816837196157491_8468510252995593600_n.jpg
819806094_1816836822824195_2110644004038011703_n.jpg
821646362_1816837209490823_1967304468265237302_n.jpg
822184817_1816836879490856_8222670306840084290_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Баткен шаарында эттин баасын туруктуу кармоо жана калкты жеткиликтүү баада сапаттуу эт менен камсыз кылуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Бул туурлуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Шаар мэри Сейтек Кулубаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте эт сатуучу жайларды кыдырып, бааларга мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин жыйынтыгында өлкө боюнча белгиленген баалар эске алынып, уй этинин килограммы 775 сомдон, кой эти 850 сомдон сатылышы керектиги белгиленди.

Ошондой эле шаарда муниципалдык эт сатуучу дүкөн иштеп, калкка жеткиликтүү баада эт сатуу камсыздалууда. Эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, негизсиз кымбаттоолорго жана санитардык-ветеринардык талаптардын бузулушуна жол бербөө чаралары көрүлөт.