Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон туу көтөрүлдү

Аймак 17 Декабрь 2025 14:50
1.jpg
597701111_1401125591380892_346069396820243245_n.jpg
597782378_1401125608047557_3840821209466144684_n.jpg
597789197_1401125588047559_4697232316460908668_n.jpg
599952357_1401125691380882_786652405644095795_n.jpg
599957827_1401125668047551_7263908650733116245_n.jpg
600141047_1401125618047556_2248666604540543015_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон туу көтөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аземге президенттин өкүлү Айбек Шаменов, шаар мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.

"Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүү аземинин өтүп жатышы – бул эгемендүүлүгүбүздүн жана келечекке болгон ишенимибиздин белгиси. Ал ар бир кыргызстандыкты мекенге болгон сүйүүгө, жоопкерчиликке үндөйт", - деди облус башчысы.

35 метрлик желек сап жана анын инфраструктурасы Баткен шаарындагы "Жаштык" жана "Жеңиш" эс алуу парктарынын реконструкциялоо долбоорунун негизинде АРИС уюму тарабынан ишке ашырылган "Баткен облусун регионалдык экономикалык өнүктүрүү" программасынын алкагында жасалды.