Баткен шаарында базар жана саркынды суу системасы курулууда

Аймак 20 Май 2026 17:35
704147927_1522728262553957_6676740622054075595_n.jpg
704004840_1522727989220651_5518714867275915177_n.jpg
704147928_1522727912553992_8421510191387404429_n.jpg
704147961_1522727895887327_5149254020458666078_n.jpg
704132931_1522728245887292_4590030771566259612_n.jpg
704507129_1522728035887313_6410943283006039950_n.jpg
701386325_1522728275887289_8789944946644139410_n.jpg
703190990_1522728165887300_3081552782032195462_n.jpg
701716466_1522728155887301_5139798978222617616_n.jpg
700987626_1522728052553978_517364290388153930_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Баткен шаарында базар жана саркынды суу системасы курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Белгилей кетсек, III Элдик курултайдын делегаты, Баткен шаарынын тургуну Дастан Турдуев Баткен шаарын облустун борборуна айлантуу боюнча бир канча маселелерди көтөргөн.

704147961_1522727895887327_5149254020458666078_n.jpg

Анын ичинде базарды шаар сыртына чыгаруу жана саркынды суу системасын куруу маселелери болгон.

Белгиленген маселелер Баткен шаарын өнүктүрүү программасындагы, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана социалдык көйгөйлөрүн жеңилдетүү багытындагы артыкчылыктуу багыттар болуп эсептелет. Ошондой эле шаардагы баш аламан соода жүргүзүү жана унаа тыгындары боюнча көйгөйлөрдү чечүү жолу катары каралат.

Бул багытта Баткен шаарына заманбап базар куруу боюнча Дүң-соода комплексинин курулушунун долбоору жактырылып, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын республикалык бюджетен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржылоо башталган.
Жалпы сметалык баасы 359,1млн сомду түзөт. Ири долбоор болгондугуна байланыштуу, жылдан жылга өтүп каржылануучу обьекттердин катарына кирет. Дүң соода комплекси 4 блоктон турат.

Учурда базардын бир бөлүгүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Долбоордо базардын айланасынын инфра түзүмү да каралган. Жол, суу, жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштери аткарылат. Атайын унаа токтоочу жай да курулат.

Мындан сырткары, Баткен шаарынын Булак-Башы аймактык башкармалыгынын Сан-Сарай тилкесинде 20 гектар аянтка саркынды сууларды тазалоочу курулма курулуп жатат. Долбоор боюнча курулманын кубаттуулугу суткасына 8 миң куб метрди түзөт.

Курулуш иштери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жүргүзүлүүдө. Объектти быйыл пайдаланууга берүү пландалган.

Маалым болгондой, учурда облус борборунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан үч даректе 12 кабаттуу турак жай комплекстери курулууда. Батирлердин жалпы саны 4272ни түзөт.

Аталган тазалоочу курулма, биринчи кезекте, МИК тарабынан курулуп жаткан турак үйлөрдүн саркынды суу системасын тейлөө үчүн каралган. Муну менен катар, келечекте шаардын башка турак жайларынын жана социалдык объекттеринин саркынды суу системаларын да кошуу пландалууда.