Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. 20–21-апрелде Баткен шаарында “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Фестивалдын негизги максаты — Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана элдер ортосундагы достук менен ынтымакты бекемдөө.
Иш-чарага Баткен районунун айыл аймактарынан келген катышуучулар менен катар коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт.
Фестивалдын алкагында төмөнкү номинациялар боюнча сынактар уюштурулат:
- Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;
- Улуттук тамак-аштардын жарманкеси;
- Элдик ырлар жана аспаптык музыканы жандуу аткаруу сынагы.
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган:
- 1-орун — 30 000 сом;
- 2-орун — 20 000 сом;
- 3-орун — 10 000 сом.
Мындан тышкары, катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылат.