Баткен шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 94 13 Август 2026 13:40
772535138_1593998528760263_2735463212159237562_n.jpg
773908847_1593998265426956_500587641028444704_n.jpg
771814279_1593998562093593_7473059582972255607_n.jpg
770427798_1593998532093596_5249510859451138156_n.jpg
772664439_1593998482093601_1059338308550765682_n.jpg
770831436_1593998348760281_8493696276064239387_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу заманбап мектептин курулушуна мезгил кутучасы салынды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана облустук-шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундагы катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө Баткен облусу АРИС уюму менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу менен, облустун социалдык жактан өнүгүүдө ар тараптуу зор колдоо көрсөтүп жаткандыгын баса белгиледи.

Бул салтанатта Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Калыбек Жумадылов да сөз сүйлөп, жаңы мектеп өлкөдө алдыңкы билим уясы, таланттуу окуучуларды тарбиялаган мыкты мектептердин катарын толукташына ишенерин белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө курулушка мезгил кутучасы салынып, аксакалдар батасын беришти.