Баткен шаарында 375 орундуу мектеп курулат – эскиздери

Аймак 16 Март 2026 17:40
652198672_1470432994450151_7360338493122981950_n.jpg
653707947_1470433037783480_2191110490453162552_n.jpg
653712425_1470432977783486_3172206688055681735_n.jpg
Алдыга
Артка
652198672_1470432994450151_7360338493122981950_n.jpg
653707947_1470433037783480_2191110490453162552_n.jpg
653712425_1470432977783486_3172206688055681735_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Баткен шаарынын Ак-Өрүк тилкесинде 375 орундуу заманбап мектеп курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мектеп Дүйнөлүк банк менен министрлер кабинетинин ортосундагы кызматташуу жаатында кол коюлган макулдашуунун алкагында курулуп, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылат.

Учурда мектептин долбоорлоо жана документтештирүү иштери аяктап, тендерге берилген.

Мектептин айланасында кичи футбол аянтчасы жана баскетбол аянтчалары да каралган. Мектептин курулушу быйыл башталып, келерки жылга пайдаланууга берилүүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, мектеп бир нөөмөттө 375 окуучуга ылайыкташтырылган, эки нөөмөттө 700дөн ашуун окуучу билим алса болот.