Баткен шаарында бассейни жана лабораториясы бар заманбап мектеп курулууда

Аймак 22 Май 2026 17:00
703104869_1524328815727235_7014875515400438405_n.jpg
705294235_1524329552393828_7841320066755857461_n.jpg
703471250_1524329152393868_8899589933574919284_n.jpg
705705625_1524328932393890_6268290129320330343_n.jpg
703290725_1524329445727172_6231337748949033471_n.jpg
702864226_1524328995727217_2081901827649863737_n.jpg
704187771_1524328675727249_64874984772513073_n.jpg
704734469_1524329382393845_202678486763122525_n.jpg
705628296_1524328672393916_142482449470926291_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу заманбап мектептин курулушу башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов жана Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун донорлук долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Алексей Плохута баштаган өкүлдөр катышты.

Облус башчысы мындай ири долбоорлор эки өлкөнүн ынтымагын жана кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле келечек муундун татыктуу билим алуусуна шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.

Буга чейин курулуш аянтчасында жер казуу иштери жүрүп, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин инженердик-коммуникациялык тармактарын тартуу жумуштары бүткөрүлгөн. Ал эми бүгүн билим берүү мекемесиний пайдубалына бетон куюу иштери расмий түрдө башталды.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин онлайн форматта катышкан.

Билим берүү мекемеси акыркы үлгүдөгү окуу кабинеттери, заманбап лабораториялар, спорттук зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Мектепте ата мекендик педагогдор менен бирге атайын Россиядан келген мугалимдер да билим беришет.