Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Баткен шаарынын коммуналдык кызматтарынын техникалык базасы жаңы атайын техникалар менен толукталды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардык муниципалдык автобазага эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" жүк ташуучу унаасы жана "Желмаян" атайын техникасы тапшырылды.
Техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каражатына Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган.
Жаңы техникалар шаарды көрктөндүрүү, тазалык иштерин жүргүзүү, жолдорду оңдоо жана башка муниципалдык иштерге пайдаланылат.