Баткен шаарына 12,6 млн сомдук жаңы техникалар тапшырылды

Аймак 19 Март 2026 11:10
652096124_1472557170904400_6680624821955829705_n.jpg
651169577_1472557334237717_454971029855432433_n.jpg
653863412_1472557240904393_7054442699962250732_n.jpg
Алдыга
Артка
652096124_1472557170904400_6680624821955829705_n.jpg
651169577_1472557334237717_454971029855432433_n.jpg
653863412_1472557240904393_7054442699962250732_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Баткен шаардык мэриясына техникалар тапшырылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, техникаларды сатып алуу үчүн Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн 692 миң 255 сом каржыланган. 3 техниканын жалпы баасы 12 млн 692 миң 255 сомду түздү.

Техникаларды шаарга Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов тапшырып, жаңы техникалар элибизге узак убакытка кызмат кылуусун жана элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуусуна ишенимин билдирди.

Тапшырылган техника:

  • Асфальт тазалап- жуучу авто унаа. Бул техника шаарда жолдорду жана көчөлөрдү механикалык тазалоо, чаңды басуу, суу чачуу, муниципалдык жана коммуналдык камсыздоо кызматтарын аткарууга ылайыктуу.
  • Эвакуатор-манипулятор авто унаа. Бул техника бузулган же жүрбөй калган техникаларды ташуу, атайын уналарды жүктөө, көтөрүү, шаар ичинде жана трассаларда кызмат аткарууга ылайыктуу.
  • Хово 10 тонналык жүк ташуучу унаа. Бул техника курулуш материалдарын ташуу (кум, шагыл, топурак) өндүрүш жана карьер иштеринде колдонууда кызмат аткарууга ылайыктуу.