Баткен районунда логистикалык борбор курулат

Аймак 03 Июнь 2026 10:45
715331616_122214038102341273_2387606304655996909_n.jpg
713243732_122214038258341273_7426558804828666020_n.jpg
715456387_122214038342341273_5742017561418245334_n.jpg
715277458_122214038144341273_4934709966305213803_n.jpg
714989931_122214038414341273_5819299282120438380_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Баткен мөмө-жемиш кластеринин" долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунда жайгаша турган борбор 187 гектар аянтты камтыйт.

Долбоор деградацияланган жерлерди өздөштүрүүгө, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана заманбап агротехнологияларды киргизүүгө багытталган. Анын алкагында логистикалык борбор, муздаткыч кампалар, кайра иштетүүчү объекттер жана тамчылатып сугаруу системалары курулат.

Долбоор мөмө-жемиш өндүрүшүн көбөйтүү, экспортту өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.