Баткен облусунун жаңы башчысы эмгек жамаатка тааныштырылды

Аймак 05 Март 2026 15:00
645208396_1462149401945177_2145821708099301823_n.jpg
645724724_1462149408611843_183222821984595151_n.jpg
645383057_1462149441945173_2778707759171934060_n.jpg
645301320_1462149435278507_30371070907114216_n.jpg
646883947_1462149471945170_8354106011496356566_n.jpg
645498776_1462149485278502_8859464829757174439_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев президенттин Баткен облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Мамыржан Рахимовду облус активине тааныштырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Данияр Амангелдиев жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалап, мурдагы өкүл Айбек Шаменовго жасаган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамыржан Рахимов кесиби боюнча юрист. 2012-2017-жылдары Баткен шаардык кеңешинин депутаты, 2017-2021-жылдары Баткен шаарынын мэри кызматын аркалап келген. Ал эми 2021-2023-жылдары Баткендин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү болуп иштеген.