Баткенде майыптыгы бар жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Аймак Загрузка... 03 Декабрь 2025 16:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунундагы психоневрологиялык-социалдык стационардык мекемесинин жашоочуларынан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы алардын жашоо шартын көрүп, мекемеге материалдык жардамын тапшырды. Мындан сырткары, ал облустун аймагындагы майыптыгы бар жарандар үчүн иштеп жаткан бир катар мекемелерге резервдик фондунан материалдык жардам көрсөттү.

Алар:

  • Баткен шаарындагы "Аруу-Жан" балдардын ден соолугун калыптандыруу борбору;
  • Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси;
  • майыптыгы бар балдардын “Лунч Солнца” коомдук фонду;
  • Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Сүлүктү-Лейлек райондук баштапкы уюму;
  • Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Кадамжай райондук баштапкы уюму;
  • Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Баткен шаардык жана райондук уюму.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагында 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүн белгилөө жана 15-ноябрдан 15-декабрга чейин майыптыгы бар адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндө президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн буйругу чыккан.

Ага ылайык, облус аймагындагы майыптыгы бар жарандардан кабар алуу, аларга укуктук, медициналык, моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүлөр уланууда.

Облус аймагында 21 миң 990 майыптыгы бар жаран жашайт.