Баткен облусунун башчысы 102 жаштагы ападан кабар алды

Аймак 19 Май 2026 10:45
702495085_1521619932664790_2519409486095471727_n.jpg
701737741_1521620632664720_855501549814491585_n.jpg
701851606_1521620002664783_6283383180939841687_n.jpg
702343039_1521619929331457_6503380897607532325_n.jpg
702589616_1521619925998124_2950898539855063740_n.jpg
702638914_1521619982664785_7170749047942181774_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов 102 жаштагы Шарапат Бөдөновадан кабар алып, Энелер күнү менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Бөдөнова Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну.

Облус башчысы энеге бекем ден соолук, узак жана бакубат жашоо каалап, белектерин тапшырды.

Шарапат апа өзүнүн өмүр жолу, басып өткөн турмуштук тажрыйбасы тууралуу айтып берип, мамлекетте жүрүп жаткан өнүгүү иштерине ыраазычылыгын билдирип, батасын берди.

Белгилей кетсек, Энелер күнүнө карата Баткен облусундагы 100 жаштан ашкан 19 энеге облус башчысынын куттуктоосу жана белектери жеткирилүүдө. Бул иш-чара улуу муун өкүлдөрүнө урмат көрсөтүү, алардын эмгегин баалоо жана жаш муунга өрнөк болгон энелердин кадыр-баркын даңазалоо максатында уюштурулууда.