Баткен облусунда жол кырсыктары азаюуда

Аймак Загрузка... 20 Май 2026 14:30
1596596725_1113287714.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Баткен облусунда жол кырсыктары азаюуда. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиясынын жыйынында айтылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, облус аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери талкууланды.

702272871_1522615392565244_4878183978761119081_n

Жыйында жол кырсыктары коомго чоң зыян алып келип жатканы, буга унаалардын көбөйүшү, эрежелердин одоно бузулушу жана айдоочулардын сабатсыздыгы себеп экени айтылды. Буга байланыштуу мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга жол коопсуздугун алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырылды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын алгачкы төрт айында Баткен облусунун аймагында 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 11 жаран каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 кырсыкка азайганы белгиленди.

Мындан тышкары, жыйында акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси дагы каралды. Тиешелүү мамлекеттик кызматтарга күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу, окуучулардын катышуусундагы унаа кортеждерине жол бербөө жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.