Баткен облусунда айыл чарбасын каттоо аяктады

Аймак 11 апрель 2026 11:41
Баткен облусунда айыл чарбасын каттоо аяктады
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Баткен облусунда айыл чарбасын каттоо аяктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-марттан 10-апрелге чейин облус аймагында айыл чарбасын каттоо өнөктүгү жүрдү.

Жалпы облус боюнча 10-апрелге карата 155 740 субъект катталып, 100,9%ды түздү.

Каттоо өнөктүгүнүн алкагында мамлекеттик жана жамааттык чарбалар, дыйкан, фермердик чарба, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин жана калктын жеке көмөкчү чарбалары айыл чарбалык каттоого алынды.