Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. 2025-жылга карата Баткен облусу боюнча жалпы 43 685 "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалган.
Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө планга киргизилген электр эсептегичтер толук орнотулуп бүттү.
Тактап айтканда облустун Баткен району жана Баткен шаары толугу менен жана Кызыл-Кыя шаары "акылдуу" эсептегичтер менен камсыздалды.
Мындан тышкары, быйылкы жылга Баткен облусу боюнча 43,45 чакырым алюминий зымдарын СИПке алмаштыруу пландалса, учурда анын 31,34 чакырымы толук алмаштырылды.
Ошондой эле, иштин сапатын арттыруу жана электр түйүндөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 1568 жыгач мамы темир-бетон мамыга алмаштырылды.