Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагында жолугуп, эки аймактын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Баткен менен Фергананын кызматташтыгы боюнча жол картасын жаңылоо, туризмди өнүктүрүү, анын ичинде Шахимардан жана Дугаба эс алуу аймактарын эркин туристтик аймак катары өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды.
Ошондой эле чек ара өткөрүү пункттарында жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
Мындан тышкары, айыл чарба продукциялары үчүн логистикалык борборлорду куруу, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана чек ара аймактарындагы социалдык-укуктук маселелерди биргелешип чечүү багытындагы кызматташтык маселелери да каралды.