Баскетболчу Майкл Жордан тарыхта эң көп акча төлөнгөн спортчу болуп калды

Дүйнө Загрузка... 23 Апрель 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-04-23 at 09.27.01.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Баскетболчу Майкл Жордан тарыхта эң көп акча төлөнгөн спортчу болуп калды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка караганда, Sportico версиясы боюнча америкалык баскетболчу Майкл Жордан көп акча төлөнгөн спортчулардын алдынкы сабында жайгашты. Анын кирешеси 4,15 млрд долларды түздү.

Экинчи орунду америкалык гольфчу Тайгер Вудс ($2,79 млрд) ээледи, үчүнчү сапка португалиялык футболчу Криштиану Роналду ($2,38 млрд) илинди.

Топ-5 рейтингинде америкалык баскетболчу Леброн Жеймс ($1,88 млрд) менен аргентиналык футболчу Лионель Месси ($1,85 млрд) төртүнчү жана бешинчи орунда турат.

62 жаштагы Майкл Жордан – АКШнын курамасынын эки жолку Олимпиада чемпиону, УБАнын "Чикаго" курамындагы алты жолку чемпиону. Спортчу карьерасын 2003-жылы жыйынтыктаган.