Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Барселонадан Майоркага бара жаткан кемеден 27 аңчы иттердин өлүгү табылды. Бул тууралуу Euronews агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алар Литвада аңчылык сезонуна даярдалып, ээлерине кайтып бара жатышкан.
Испаниядагы Pacma жаныбарларды коргоо уюму өлгөн иттер үчүн жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Алардын ээлери Испания аралынан келип, бир нече күн бою Литвада иттерди аңчылык сезонуна даярдап, жаныбарларды ташуу үчүн адистештирилген каталониялык компанияга кайрылышкан.
Seprona Жаратылышты коргоо кызматы иликтөө жүргүзүп, окуянын себебин аныктоого аракет кылууда.
Алардын маалыматына караганда, саякаттан кайтып келе жаткан 36 иттин тогузу гана аман калганын билдирди. Калгандарында асфиксиянын ачык белгилери байкалган.